Menu

Өкмөт: Тышкы карыздарды төлөөнү кийинки 3-4 жылга калтыруу жөнүндө бардык эки тараптуу кредиторлор менен макулдашууга жетишилди

Бөлүшүү:

2020-жылдын 15-апрелде «Чоң 20» өлкөлөрүнүн Борбордук банктарынын финансы жана башкаруучу министрлери тарабынан «Чоң 20» жана Париж клубу тарабынан кабыл алынган жана Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк банк тарабынан колдоого алынган жакыр өлкөлөр (Кыргыз Республикасы алардын ичине кирет) үчүн карызды тейлөөнү токтотуу Демилгеси жактырылган.

Бул демилгенин алкагында Кыргыз Республикасы эки жактуу кредиторлордун дарегине тышкы карызды тейлөөнү токтотуу жөнүндө расмий кайрылуу жөнөттү.

Бүгүнкү күндө 2020-жылдагы карызды тейлөө боюнча төлөмдөрдү кийинки 3-4 жылга калтыруу жөнүндө бардык эки тараптуу кредиторлор (Сауд өнүктүрүү фонду, Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фонду,  Франция Республикасы, Германия Федеративдүү Республикасы, Дания Королдугу, Корея Республикасы, Япония) менен макулдашууга жетишилди.

Анын ичинде өлкөбүздүн ири кредиторлорунун бири Кытай Эл Республикасы менен 2020-жылдын төлөмдөрүн токтотуу жөнүндө макулдашууга жетишилди. Учурда мөөнөтүн узартуу шарттары иштелип чыгууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 + = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: