Menu

Алтынай Нарбаева: “Чет өлкөлөргө концерт менен барууда, мамлекеттик концерттерде Нарбаева эч жазылбайт. Документтериң Ак үйгө жетет, кол коюлбай кайтат артка”

Бөлүшүү:

21-июлда өлкө башчысы коронавируска каршы күрөшүп жаткан ыктыярчылар менен жолугушту. Ыктыярчылардын тизмесин жаштар түзүштү. Мындам улам социалдык тармактардын колдонуучулары “Эмнеге Алтынай Нарбаева, Эрнис Бөрүбаев тизмеге кирген жок?” – деген суроону узатышты. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева Инстаграм социалдык тармагына бул суроолорго жооп узатты.

“Көп ойлондум, сиздер кабатырланып суроо узатыпсыздар, жооп берейин. Ар бириңиздерге: баамчыл, көрөгөч, баалоо, кадырлоо саппаттарыңыздарга, жүрөгүңүздөргө, сезимиңиздерге таазим. Дегеним, ажобуз Сооронбай Шарипович ыктыярчылар менен жолушканына 12 ыктыярчы барыптыр, сүйүндүм. Жаштарга ак жол! Баарыңыздар Бөрүбаев Эрнис, Нарбаева Алтынай кана? – деген эле суроолор. Биздин эмгек милдет эмес, инсандык атуулдук парзыбыз! Биз чакырылбадык уюштуруучулар деле, барган жаштар деле, улууларды унутуптур. Менде андай сапат жашабайт, менден улуу биринчи, анан мен дейм, баарыңыздар күбө. Капачылык жок. Мунун баары маданият.”Аттан жыгылсак да, салттан жыгылбайт Кыргыз эли!”. “Мен дебей, биз деген Кудайга да жагат. “Мен өтө жөнөкөй, карапайым аялмын, мугалиммин, ырчымын, бирок баарын байкайм, көрөм, ичимде калат. Мага ошол жөнөкөйлүк сапат куп жарашат, жагат. Өзүмдү ошол жөнөкөй жүргөндөн эргүү алам, толук кандуу сезем. Мен сахнада эмесмин, муктаж үй бүлөгө, ооруп турган бир тууганыма жасанып баруу, өзү чоң күнөө!

Чоң сахнага 32 жашымдан чыктым, азыр 50 дөн аштым. Кумурскадай эмгектенем, 15 жылдан ашты, репертуарыңды жаңылайсың, жылына отчеттук концерт берем, оңой иш эмес, чоң түйшүк. Эмнегедир чет өлкөлөргө концерт менен барууда, мамлекеттик концерттерде Нарбаева эч жазылбайт. Мурдакыларды айтпайын, өткөндөгү Кытайга концерт, жакындагы Москвага. Репетицияда катышасың, жөнөөргө 1 күн калганда, тизмеден чийилесиң. Документтериң Ак үйгө жетет, кол коюлбай кайтат артка. Мунун баары, өнөр адамына өтө оор. Ырдамак тургай, сүйлөбөй каласың, көңүлүң айларга, жылдарга өлөт. “Кардына эмес, кадырына”. “Жакшы болом десең, өлүп көр” деп, сөзсүз өлгөндө эске келебизби? Аллага шүгүр, ден соолук бар экен, эмгегим элим үчүн! деп кыйналып, ооруп турган бир туугандардан кабар алууга муктажбыз! “Апам жана Мен” фонду элибизге, журтубузга ыраазычылыгыбызды айтабыз. Кудайым буюрса, ынтымакта, кол кармашып жеңебиз. Менде баары жакшы кабатырланбаңыздар, жеңилгенге, чийилгенге, чакырылбаганга түткөн жүрөгүм бар”, – деди Алтынай Нарбаева.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: