Menu

Парламенттик шайлоодо БШК жана АШК мүчөлөрүнүн айлык акысына 219 миллион 210 миң сом сарпталат

Бөлүшүү:

Борбордук шайлоо комиссиясынын жана аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн айлык акысы 219 миллион 210 миң сомго чейин жетет. Бул суммага чет өлкөдөгү шайлоону уюштурган Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлеринин айлык акыларын төлөөгө кеткен чыгымдар да кирет. Мындай маалыматтар чыгым сметасында келтирилген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынын кызматкери Руслан Изреков сметада көрсөтүлгөн сандарды журналисттерге тастыктады.

Такталгандай, иш сапарларга 8 миллион 137 миң сом сарпталат. Унаа чыгымдары 25 миллион 38 миң сомду түзөт. 132 млн 143 миң сом “башка чыгымдар” графасында көрсөтүлгөн.

Парламенттик шайлоого жалпысынан 446,9 млн сом сарпталат.

Борбордук шайлоо комиссиясы партияларга үгүт иштери 4-сентябрда башталаарын эскертет. 20-августка чейин партиялар съезд өткөрүп, депутаттыкка талапкерлердин тизмесин түзүшү керек. Тизмелер квотанын талаптарына ылайык түзүлүшү керек.

КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − 34 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: