Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаттары кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө даттанышты. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев журналисттерге билдирди.
Анын айтымы боюнча, апелляциялык арыз бүгүн берилди.
“Биринчи май райондук сотунун өкүмү 23-июнда чыккан. Демек, 23-июлга чейин соттун өкүмүнө даттанса болот, биз, Алмазбек Атамбаевдин адвокаттары апелляциялык арыз жөнөттүк. Бирок, арызды күтпөстөн, иш шаардык сотко өткөрүлүп, алар процессти дайындоого жетишти. Бирок ал бүгүн болгон жок” – дейт адвокат.
Эскерте кетсек, Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда Нарындагы абактан чыккан жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Россияга учуп кеткен.
Анын мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтене баштаган. Иш сотко ошол жылдын октябрында өтүп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 19 кишиге айып тагылган. Анын ичинен 15 адам тергөө менен кызматташуу келишимине кол койгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ