Menu

Видео – ИИМ: Мигрант кыздарга карата зомбулукка үндөгөн эки адам аныкталды, аларды бири “мен провокатормун” деп кечирим сурады

Бөлүшүү:

Милиция Москвада Орусиядагы кыргызстандык мигрант кыздарга карата зомбулукка чакырган эки адамды аныктап, аларга эскертүү берди.

Бул тууралуу 23-июлда Ички иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Орусиянын Ички иштер министрлигинин Экстремизмге каршы башкармалыгынын кызматкерлери менен бирге көрүлгөн аракеттин натыйжасында мыйзамга каршы чакырык жасагандар табылып, алар Чүй облусунун 28 жана 24 жаштагы тургундары экени аныкталды.

Алар кыргыз милициясынын Орусиядагы өкүлчүлүгүнө чакыртылып, түшүндүрүү мүнөзүндөгү маектешүү жүргүзүлдү. Такталбаган жана укукка каршы маалымат тараткандарга карата кылмыш жоопкерчилиги каралганы тууралуу эскертүү берилди.

21-июлда Интернетте Москвадагы кыргызстандык мигрант балдар топтолуп, кыргыз кыздар башка улуттун өкүлдөрү менен жүргөнүн көрүп калышса аларга карата күч колдонууга чакырган видео тараган.

Кыргызстандык укук коргоочулар жана активисттер ар бир адам өз жашоосу үчүн жеке өзү гана жооптуу экенин айтып, зомбулукка үндөгөн ошол мигранттарды таап жазалоону талап кылышкан.

Орусияда кыргызстандык эмгек мигранттарынын саны 1,2 миллионго жакын экенин былтыр элчилик маалымдаган болчу. Алардын көбү тейлөө, курулуш тармагында эмгектенишет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: