Menu

Транспорт министри тик учактар Кыргызстанга аба аркылуу химиялык заттарды чачып жатат деген маалыматты четке какты

Бөлүшүү:

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов тик учактар Кыргызстанга аба аркылуу химиялык заттарды чачып жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу  ал бүгүн, 23-июлда онлайн-брифингде билдирди.

Анын айтымында, так эмес маалыматтар социалдык тармактарда улам-улам жайылып жатат.

“Мен бардыгын чакырам: бул маалыматтарга ишенбеңиздер. Өлкө боюнча мындай иш-аракеттерди бир дагы учак аткарган жок. Кечээ кимдир бирөө социалдык тармакка тик учактан химикаттар кайрадан чачылып жатат деп жазыптыр, андай эмес. Чакан учуучу аппарат “Автожир” машыгууларды өткөрдү”, – деди Жанат Бейшенов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − 31 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: