Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: Мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу балдардын гармониялуу өнүгүүсүн камсыздайт

Бөлүшүү:

«Мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу балдардын гармониялуу өнүгүүсүн камсыздайт», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-июлда Талас районунун Таш-Арык айылындагы жаңы бала бакчанын имаратын көрүп жаткан учурда.

Сооронбай Жээнбеков мамлекет мындан ары дагы аймактардагы социалдык жана билим берүү объектилеринин курулушуна чоң көңүл бөлөрүн белгиледи.

«Биз заманбап стандарттарга умтулушубуз зарыл жана өлкөнүн бардык региондорунда мектепке чейинки тарбия берүүдө мындай шарттарды түзүшүбүз керек», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков Премьер-министр болуп турганда өлкө региондорунда курулушу бүтпөгөн социалдык жана билим берүү объектилерин, биринчи кезекте мектептер менен бала бакчаларды бүткөрүүгө өзгөчө көңүл бурган.

Башка социалдык объектилер менен катар эле аталган бала бакча анын өзгөчө көзөмөлүндө турган, кийин Мамлекет башчысы катары Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында аталган бала бакчанын курулушун тез арада бүткөрүү зарылдыгына көңүл бурган.

Аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик саясатынын алкагында Таш-Арык айылындагы бул бала бакча курулуп бүттү.

Бала бакча башчысы Кыял Темирбекова баса белгилегендей, жергиликтүү балдар карантин режими бүтөөрү менен бакчанын ачылышын чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Ал буга чейин жакынкы үч айылда бала бакча болбогонун белгиледи. Эми бул билим берүү мекемесине жакынкы айылдардын балдары да келе алышат.

Кыял Темирбекова кубанычын Президент менен бөлүшүп, мындай үлгүдөгү бала бакчалар аймакта эле эмес жалпы республика боюнча сейрек экенин баса белгиледи.

Аталган бала бакчанын курулушу 2015-жылы республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен башталган. Бүгүнкү күндө негизги курулуш-монтаждоо  иштери дээрлик аяктады жана бала бакчаны пайдаланууга берүүгө толугу менен даяр.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: