Menu

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин небереси математика боюнча эл аралык олимпиаданын жеңүүчүсү болду

Бөлүшүү:

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин небереси Селим математика боюнча эл аралык олимпиадада үчүнчү орунду ээлегени үчүн Малайзиядан диплом алды. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда Кадырбек Атамбаев өзүнүн Фейсбук баракчасында жарыялады.

Ал Селим Атамбаев акылдуу эле эмес, ошондой эле абдан боорукер бала экендигин жазган. “Коронавирусту жуктуруп алгандардын саны кескин көбөйүп баштаганда, ал дүйнөлүк алдыңкы гроссмейстерден шахмат боюнча онлайн сабак алуу үчүн чогулткан тыйындарын дарыгерлерге берди. Албетте, андан кийин биз дагы каражат кошуп, кычкылтек концентраторлорун региондордогу ооруканаларга жөнөттүк”, – деди Кадырбек Атамбаев.

Эске салсак, мурунку президент Алмазбек Атамбаев бир нече кылмыш иши боюнча айыпталууда, алардын экөө – кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу жана 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таштагы окуялар.

https://www.facebook.com/253129618495159/posts/969408963533884/?d=n

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: