Menu

Премьер-министр Кубатбек Боронов: Өпкөнүн сезгениши жана COVID-19 боюнча катталган жаңы учурларларга талдоо жүргүзүлүүгө тийиш

Бөлүшүү:

Өпкөнүн сезгениши жана COVID-19 боюнча катталган жаңы учурларларга терең талдоо жүргүзүлүүгө тийиш. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

«Ооруп жаткандарды аныктоо үчүн уюштурулган үймө-үй кыдыруу иш чарасынын негизинде күндө талдоо жүргүзүлүүгө тийиш. Мисалы, бүгүн жөтөлүп атса, эртең дене табы көтөрүлөт, эки-үч күндөн кийин абалы оор болушу ыктымал. Демек, бул дарыны бериш керек же капельница алуусу абзел, – деген сындуу анализ жүргүзүү шарт. Талдоо иштеринин негизинде алдыда күтүлө турган абал дагы айкын көрүнөт», – деди Өкмөт башчы.

Жыйындын жүрүшүндө дары-дармек менен камсыз кылуу маселеси талкууланып, айрым дарыканалар медициналык каражаттардын баасын негизсиз жогорулаткан учурлары дагы эле катталып жатканы айтылды.

«Өкмөт мамлекеттик сатып алуулар аркылуу учурда зарыл болуп турган дарыларды алып келүүдө. Мындан тышкары фармацевтикалык компаниялардын медициналык каражаттарды алып келүүсү үчүн шарттар түзүлүп берилип, алар бул багыттагы иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүүдө. Маалыматтарга караганда, айрым дарыканалар алып-сатарлар менен иш алып барууда. Ошондуктан айрым дары каражаттарына таңкыстык дагы деле болууда жана кымбат саткан учурлар кездешүүдө», – деди Кубатбек Боронов.

Премьер-министр тармактык мамлекеттик органдарга дары-дармекке байланыштуу маселени көзөмөлгө алуу боюнча катуу талап койду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: