Menu

Республикалык штаб: Мамлекет тараптан аймактык ооруканаларга берилип жаткан жардамдар туура бөлүштүрүлүүгө тийиш

Бөлүшүү:

Мамлекет тараптан аймактык ооруканаларга материалдык жана акчалай берилген жардамдар айылдардагы фельдшердик-акушердик пункттарга да таратылуусу керек. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды.

«Саламаттык сактоо министрлигинин линиясы аркылуу райондордогу аймактык ооруканаларга жеке коргонуучу каражаттар жана башка медициналык жабдуулар берилүүдө. Мындан тышкары дары-дармек алуу үчүн  акчалай түрүндө жардам көрсөтүлүп жатат. Булар айылдарга чейин өз тартиби менен бөлүнүп берилиш керек. Айтылган ишти райондук администрациялардын башчылары –  акимдер көзөмөлгө алат», – деди Премьер-министр.

Жыйындын жүрүшүндө Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Саламаттык сактоо министрлигинин аймактардагы координаторлоруна медицина кызматкерлеринин кадрдык резервин түзүү иштерин күчөтүү милдеттендирилди.

«Ар бир облуста убактылуу бош же башка тармакта иштеп жаткан медицина кызматкерлерин жумушка тартууну күчөтүү керек. Алардын тизмесин түзүп, иш келишимдик негизде жүргүзүлөрүн түшүндүрүү зарыл», – деди Өкмөт башчы.

Ошондой эле аймактарда өпкөнүн сезгениши жана COVID-19 боюнча жаңы учурларлар көп катталып жатканы жана санитардык-гигиеналык эрежелер менен карантиндик нормалар сакталбай жатканы айтылды. Премьер-министр бул багыттагы ишмердүүлүгү боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин региондордогу координаторлорунун жана облус жетекчилеринин дарегине сын айтты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 + = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: