Menu

Москва шаарынын тургуну мигранттардын алдында тизе бүгүп, аларды сыйлоого үндөдү

Бөлүшүү:

Москва шаарынын тургуну Александр Андриянов “ВКонтакте” социалдык тармагындагы баракчасында «Migrants lives matter» (кыргызчасы “Мигранттардын жашоосу маанилүү”) кыймылынын түзүлгөндүгүн жарыялады. Ал кызгылт сары кийим кийген кишинин (короо шыпыргыч мигранттын) алдында тизе бүгүп, бут кийимин тазалап берип жаткан видеотасмасын кошо жарыялады.

Өз постунда активист Россия Федерациясынын көпчүлүк тургундарынын эмгек мигранттарынын абалы жөнүндө ойлонбой жатканына нааразы. Ошол эле учурда, анын көз карашында, өлкөдө мигранттарга терс маанидеги мамиле жасалат: алар басмырланып, туруктуу текшерүүлөр менен кыйноолорго кабылышат жана тапкан акчалары төлөнбөйт. Андрияновдун айтымында, көчөнү тазалап, тамак-аш жеткирип, үйлөрдү куруп жаткан адамдар антисанитардык шарттарда жана ыплас жерлерде жашоого аргасыз болушат.

«Түшүнгөнгө мезгил келди: адамдарды орустарга, өзбектерге, америкалыктарга, жапондорго бөлүштүрүүнүн кереги жок – Жер планетасынын тургундары гана бар. Ар бир адамга бирдей укуктар жана мүмкүнчүлүктөр берилиши керек “, – деген ой менен бөлүшкөн посттун автору. Ошондой эле ал баардык адамдарга бирдей урмат-сый менен мамиле кылуу керектигин белгиледи.

Бирок посттун алдына жазылган комментарийлеринде интернет колдонуучуларынын айрымдары активисттин демилгесин колдошкон жок, “мигранттар Россияга иштөөгө өз ыктыяры менен келишет жана ал үчүн акча алышат” деп жазышкан.

https://vk.com/video18125734_456239181

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − 21 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: