Menu

Ысык-Көлдө 49 жаштагы оорулуу кызын жалгыз өзү багып жаткан 90 жаштагы Бүбүй Эсенамановага жардам көрсөтүлдү

Бөлүшүү:

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында оорулуу кызын жалгыз өзү багып жаткан 90 жаштагы Бүбүй Эсенаманова апага жардам көрсөтүлдү.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев апага барып, кабар алды. Андан кийин ал Пристан-Пржевальск аймагынын башчысы Чыңгыз Бапаевге жана социалдык кызматкерлерге аялдын оорукчан кызына пенсия жана жөлөкпул маселесин чечүүнү тапшырды.

Ошондой эле, 90 жаштагы апага материалдык жардам көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, апага ыктыярчылар жана активисттер да жардам беришти.

Эскерте кетсек, буга чейин 90 жаштагы Бүбүй Эсенаманова 5-6 ай мурун операция жасаткан 49 жаштагы кызын жалгыз карап, багып жатканын айткан.

“Биз авариялык үйдө жашайбыз. Кызымдын абалы оор. Ал кагазга да кол коё албайт. Мен аны үйдө жалгыз калтыра албайм. Ошондуктан жергиликтүү бийликтен ал үчүн пенсия алууга көмөк көрсөтүүнү суранам. Бизге акча каражат, дары-дармектер, жалаяктар ж.б. керек”, – деп айткан.

Аял белгилегендей, кызынын башында шишик пайда болгон. Алты ай мурун ага операция жасалган. Ал өз алдынча кыймылдай албайт жана туруктуу камкордукка муктаж.

“Мен ага шорпо бышырып бергим келет, бирок бир тиштем да эт жок. Операциядан кийин ал айыгып кете элек. Мен 22 жылдан бери почта бөлүмүнүн жанында жашап келем. Мени ошол жердегилердин баары билет,” – деп билдирген Эсенаманова.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: