Menu

Бишкекке коронавирус инфекциясын дарылоого колдонулуучу дарылар алып келинди

Бөлүшүү:

Бишкек шаарына коронавирус инфекциясын дарылоого колдонулуучу дары-дармектер менен жүк жеткирилди. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Антикоагулянттар эноксапарин жана нандропарин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчилигинин аракеттешүүсү аркылуу республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен сатып алынган.

Көрсөтүлгөн дарылар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп берилди жана COVID-19га чалдыккандар дарыланган медициналык мекемелерге бөлүштүрүлөт.

Саламаттык сактоо министрлиги жана медициналык уюмдар күз-кыш мезгилинде вирустуу инфекциянын калк арасында жайылуусуна карата запас түзүү үчүн дары каражаттарын сатып алышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: