Menu

Искендер Шаяхметов: “Бейтаптар “Ганси” жана Воронцовкадагы обсервацияларга барууну каалашпайт”

Бөлүшүү:

Пневмония илдетине чалдыккан бейтаптар “тез жардамдын” мурунку “Ганси” авиабазасындагы же Воронцовка айылындагы обсервацияларына алып барышын каалашпайт. Бул тууралуу журналисттерге Тез жардам медициналык борборунун башкы дарыгери Искендер Шаяхметов билдирди.

Анын айтымында, бейтаптар Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына же Кыргыз-түрк клиникасына алып барууну талап кылышууда.

“Бейтаптар Гансиге же Воронцовкага барууну каалабагандыктарын, бул өтө алыс экендигин менен түшүндүрүшөт “, – деди Тез жардам медициналык борборунун башкы дарыгери.

Ошондой эле башкы дарыгер чалуулардын жана кайрылгандардын азайгандыгына байланыштуу кырдаал акырындап турукташууда деп белгилей кетти.

Эпидемиологдордун болжолдоосу боюнча, оорунун өсүшү август айынын ортосунда болушу күтүлүүдө.

“Жеке коргоо каражаттары менен толук камсыздалбаган ыктыярчылар жана ооругандардын туугандары, айрыкча, жеңил жана орточо пневмония менен жабыркагандар ооруп башташат” – деди Шаяхметов.

Ошондой эле ал, 103 кызматынын медкызматкерлери акырындык менен айыгып, кайра иштеп жаткандыгын баса белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 84 = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: