Menu

Фото – Ошто кайыр сураганы үчүн 12 жаштагы бала кармалды. Ал оорулуу энеси үчүн акча чогултуп жаткандыгын айткан

Бөлүшүү:

Ошто кайыр сураганы үчүн 12 жаштагы бала кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 22-июлда жашы жете электер менен иштөө боюнча инспекторлор тарабынан өспүрүм кармалган. Ал оорулуу энеси үчүн акча чогултуп жаткандыгын айткан.

“Инспекторлор баланын жашоо шарттары менен таанышып, текшеришти. Чындыгында анын апасы ооруп жаткандыгына күбө болушту . Алар жашаган батир ижарага алынган, анда эч кандай шарт жок. Дарыгерлер аялга 7 миң сомго дары-дармек жазып беришкен. Адилет ушул сумманы чогултуу үчүн кайыр сураган. Инспекторлор аялга керектүү дары-дармектерди сатып берип, тамак-аш үчүн 5 миң сом бөлүп беришкен. Балага балмуздак үчүн акча бергенде, ал каражатты энесине берген”, – деп билдиришти милиция бөлүмүнөн.

“Үй-бүлө социалдык оор абалда. Баланын энесинин ден-соолугунда олуттуу көйгөйлөр бар. Аларды колдой турган туугандары жок. Күйөөсү каза болгондон кийин туугандары аялды жана баланы үйдөн кууп чыгышкан. Алар ар дайым камкордукка муктаж”, – деп кошумчалады инспекторлор.

Ички иштер башкармалыгы жарандардан ушул үй-бүлөгө жардам берүүсүн өтүнүшөт. Эне менен балага жардам берүүнү каалагандар 0999699969 номерине чалып байланышса болот.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: