Menu

Евробиримдик Борбор Азия өлкөлөрүндө COVID-19 менен күрөшүүгө багытталган программасын ишке киргизди

Бөлүшүү:

Европа Биримдиги «Борбор Азия өлкөлөрүндөгү COVID-19: кризиске карата аракет көрүү» (CACCR) программасын ишке киргизди.

Долбоор эки жылга негизделген, бюджети 3 миллион еврону түзөт.

Бул тууралуу ЕБнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматта программа пандемия маалында Борбор Азия өлкөлөрүндөгү саламаттык сактоо системасынын керектөөлөрүн камсыздоого багытталганы белгиленген.

Кыргызстанда программанын алкагында тестирлөө жана лабораториялык диагностика мүмкүнчүлүктөрү күчөтүлөт. Медицина кызматкерлери үчүн сапаттуу жеке коргонуу каражаттары берилип, профилактикадагы боштуктар иликтенет.

Программа үч баскычтан турат, биринчи айлампада ушул тапта зарыл болгон жардам берилет. Экинчисинде – оорунун жайылуусу басаңдаганда COVID-19 вирусунун экинчи толкунуна карата даярдык көрүлөт. Аягында туруктуу, эффективдүү жана бекем саламаттык сактоо системасынын түзүүгө жана колдоого багытталган иштер жасалат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

23 − 21 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: