Menu

Тажик бийлиги: ооруканалардан вирус жуктуруп өлгөн дарыгерлер жок

Бөлүшүү:

Тажикстан саламаттык сактоо министри Жамолиддин Абдуллозода өлкөдө ооруканалардан коронавирус жуктуруп өлгөн дарыгерлер жок экенин билдирди.

“Жумушта бейтаптарды дарылап жатып оору жуктуруп алган же андан өлгөн бир дагы дарыгер болгон жок. Дарыгер Тажикстандын катардагы жараны сыяктуу эле гигиенаны, санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактабай, көчөдө, үйдө, эл көп чогулган жайларда вирус жуктуруп алган болушу мүмкүн”, – деди министр.

Жамолиддин Абдуллозода ушул тапта канча дарыгер COVID-19 жуктуруп алганы жөнүндөгү суроого жооп бербеди.

Министр өлкөдө коронавирус боюнча абал турукташып баратканын айтып, бирок эпидемиянын экинчи толкуну болушу ыктымал экенин четке каккан жок.

Расмий маалымат боюнча Тажикстанда вирустан 59 киши кайтыш болду.

“Озоди” радиосу жүргүзгөн иликтөөгө ылайык, коронавирустан бери дегенде эле 152 киши өлгөн.

Иликтөөчүлөр коронавирустан өлгөн болушу мүмкүн делген дагы 442 адамын аты-жөнүн жарыялаган. Бул маалыматка караганда, кайтыш болгондордун 72си ­– медицина кызматкерлери.

Маселен, Хатлон облусунда эле 26 медицина кызматкери өлгөн. Расмий документтерде өлүмдүн себеби катары пневмония көрсөтүлгөн, экөөнөн коронавирус аныкталган. 5-июлда коронавирус менен ооругандарды дарылап жаткан Хоженттеги төрөткананын башкы дарыгери кайтыш болгон.

Тажикстанда COVID-19дан өлгөндөрдүн расмий статистикасына кирбей калгандардын көбүнө пневмония диагнозу коюлган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: