Menu

Москвада ФСБ тажикстандык мигрантты “террорчу” деп атып салды

Бөлүшүү:

Орусия Федералдык коопсуздук кызматы Москвадагы эл көп топтолгон жерде теракттын алдын алууга мүмкүн болгонун билдирди.

Ыктымал террорчу Химки шаарындагы атышуу учурунда өлтүрүлгөн. Ал 19 жаштагы Тажикстан жараны Одил Каюмов экени аныкталган.

Мекеменин маалыматына караганда, шектүү Химки шаарындагы кароосуз калган гаражда кармалган. Ал каршылык көрсөтүп ок чыгарган маалда өлтүрүлгөн. Окуя болгон жерден Калашников автоматы, үч куту ок, үч граната табылган. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы ал Сириядагы террордук топтордун эмиссарлары менен байланышта болгонун, кишилерге жапырт ок атууга камылга көргөнүн билдирүүдө.

Өлтүрүлгөн кишинин агасы да кармалды. Ал инисин Сирияга кетирбөө үчүн бир нече күндөн бери издеп жатканын айткан.

ФСБ тараткан видеодо: “Мен ал Сириядагы террористтер менен сүйлөшүп жүрөт окшойт деп шектенип калдым. Эки жума мурун дайынсыз жоголуп кетти. Мен дароо Орусиянын ИИМине кайрылдым”, –деп жооп берген ал.

Орусия Тергөө комитетинин өкүлү Ольга Врадий азырынча “Укук коргоо органдарынын кызматкеринин өмүрүнө кол салуу” беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − 85 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: