Menu

COVID-19 пандемиясы учурунда калкка көмөк көрсөткөн волонтерлор менен жолугушуу өттү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова жана Эркин Асрандиев COVID-19 пандемиясы учурунда калкка көмөк көрсөткөн волонтерлор менен жолугушту.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова белгилегендей, коронавирус инфекциясына карашы күрөшүүдө волонтерлор чоң салымын кошту.

«Биздин бүгүнкү жолугушуунун максаты – волонтердук кыймылдын көйгөлөрүн талдоого алып, жалпыбызга келген илдетке натыйжалуу түрдө каршы турууда күч-аракетибизди бириктирүү. Волонтердук уюмдар жарандарга жана мамлекетибизге колдон келген көмөгүн көрсөтүүгө аракетин кылууда. Өз кезегинде мамлекетик органдар волонтерлорго ар тараптан көмөк кылуусу шарт. Биздин күч-аракетибизди координациялоо зарыл. Дал ушул максатта birge.pro платформасы иштелип чыккан», – деди ал.

Иш-чаранвын жүрүшүндө вице-премьер-министрлер Эркин Асрандиев жана Аида Исмаилова донордук жана гуманитардык көмөктөрдүн келип түшүүсү жана бөлүштүрүлүшү тууралуу бетачар сунуштады.

Мындан тышкары, «Бирге» кыймылынын жетекчиси Эльдар Шабдановдун волонтердук кыймылдын иши тууралу бетачары угулду.

Жолугушуунун экинчи блогу суроо-жооп форматында өттү, анда волонтерлор күнүмдүк учурап жаткан көйгөйлөрү тууралуу айтып беришти.

Волонтерлор өз суроолоруна тийиштүү мамлекеттик орган өкүлдөрүнөн жооп алышты жана конкреттүү мисалдардын негизинде абалды жакшыртуу жолдорун жана өз-ара аракеттешүүнү жакшыртуу боюнча өз сунуштарын киргизишти.

Ыктыярдуу уюмдардын өкүлдөрү эпидемиологиялык абал татаал аймактарга өзгөчө көңүл бурууну айтышты. Ошондой эле медицина кызматкерлеринин саламаттыгын жана өмүрүн сактоо маселеси көтөрүлдү. Ыктыярчылар медицина кызматкерлерин колдоо боюнча мамлекет тарабынан бардык шарттар түзүлүүгө тийиш деп эсептешет. Мындан тышкары электрондук медицинаны ишке киргизүү, кризистик шарттарда бизнес-коомчулукту колдоо, пандемияга каршы күрөшүү боюнча калкка маалымат берүү тууралуу маселелер козголду.

Жыйынтыгында мындай жолугушууларды туруктуу негизде өткөрүп туруу чечими кабыл алынды.

Жолугушууга өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаилов, саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев, финансы министринин орун басары Абдыбалы тегин Суеркул, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Эмил Жамгырчиев, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ЖКККББ башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын статс-секретары Карагул уулу Жакып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын биринчи орун басары Клара Оскомбаева жана Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкулов катышты.

Видеоконференция аркылуу жолугушууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Ош шаарынын мэри катышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 + = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: