Бүгүн, 29-июлга карата өлкө боюнча дагы 668 адамдан коронавирус инфекциясы жана пневмония илдети аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова маалымат жыйында билдирди.
Бишкек шаары – 118;
Ош шаары – 80;
Чүй облусу – 82;
Ош облусу – 50;
Талас облусу – 24;
Нарын облусу – 15;
Ысык-Көл облусу – 157;
Жалал-Абад облусу – 115;
Баткен облусу – 27.
Муну менен өлкөдө коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын жалпы саны 34 миң 512.
Ал эми, коронавирус жана пневмониядан айыгып, ооруканадан чыккандардын саны 1047 адамды түздү.
Оорудан айыккандардын жалпы саны 23 343 адамга жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ