Menu

Талибдер менен ооган өкмөтү Курман айтта үч күнгө атышууну токтотуу жөнүндө макулдашты

Бөлүшүү:

Талибдер менен Ооганстандын өкмөтү Курман айтка байланыштуу үч күн ок атпоо тууралуу макулдашты.

«Бардык можахеддерге Айт маалында үч күн, үч түн душманга каршы эч кандай операция жүргүзүүгө болбойт деген көрсөтмө берилди. Ошол эле маалда аларга кол салуу болсо, чечкиндүү түрдө жооп кайтаруу керектиги айтылды», – деп жазылган «Талибан» кыймылынын 28-июлда жарыяланган билдирүүсүндө.

Ооган өкмөтү да коопсуздук күчтөрүнө атышууну токтотуу режимин сактоого буйрук берилгенин билдирди.

Ушул тапта АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад Кабул менен «Талибан» ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүн жандандыруу максатында Пакистанга, Ооганстанга жана Катарга барууну пландоодо.

АКШ менен «Талибан» быйыл февраль айында Ооганстандагы 18 жылдан бери уланып келаткан согушту токтотуу максатында тынчтык келишимине кол коюшкан. Талибдер АКШ менен НАТОнун аскерлерине кол салбаганы менен ооган коопсуздук күчтөрүнө дээрлик күн сайын чабуул коюп жатышат.

Кабул менен талибдердин ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрү туткун алмашуу жараянындагы пикир келишпестиктерден улам токтоп турат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 48 = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: