Menu

Төлөгөн Наралиев: “Көөдөндүн бошоңдугубу, Көсөмдүн осолдугубу же бир Таласта эки Манас”

Бөлүшүү:

Көргөндүн көңүлүн көтөрүп, сезимин ойготуп, жарыгын чачып, бейкуттун кенен төрүн элестетип, баатырдыкка, батылдыкка, сабырдуулукка, көрөгөчтүккө, калк намысын сактоого, барктоого, тазалыктын дасторконуна береке кошкон, ырыс- кутту чачыраткан, алыс-жакындан келген зыяратчылардын  купулуна толуп, Таластыктарга арбымдуу ыраазычылык-алкыштарын айтып, ак дилден дуба жолдогон бул керемет эстелик Манас атаныкы.

Ооба касиети бийик, арбагы (руху) калк жүрөгүндө уялаган, кылымдан-кылымга урпактарында кошо жүргөн, бир тамчы каны денебизди аралап кубат, дем берген Ата бул улуу Манас. Арыбыз да, тирегибиз да Манас. Ал Теңир кастарлаган, эли-журтубуз ыйык туткан алтын туткабыз.

№1 сүрөттө Сиздер кут уюган Таласта-Манас ордодо анын булут челген, көк тиреген Айкелин көрүп турасыздар. Кылым-кылымга уланаар, бул тарыхый эстелик каадасын жоготпос. Анткени Манас кылымдап жашап келет. Жашай берет. Ал түбөлүк жашайт!

Аттиң! Айтылып калчы арман бар. “Суусамыр-Талас-Тараз” улуу жолдун боюнда, Манас ысымын алып жүргөн райондо тиешелүү Манас ата эстелиги турат. Бул хан жолдон (улуу жолдон) кимдер кана өтпөйт. Керемет Таластын кооздугуна, Киров суу сактагычына, мейкин талааларга көз чаптырып кимдер куштарланбайт. Бирок, ушул эстеликтин тушуна келгенде алар кандай ойдо калышаар экен? Тегерек четин 2020-жылдын 2-апрелинде тартылган сүрөттө куурай баскан, бир кездеги бетон төшөлгөн жолчолордун талкаланып калышы, айланасы көрктөндүрүлбөгөнү, бир адам токтоп, ишаарат кылаар шарты жоктугу, бир да, жаңы турмуш курган жубайлар келип, кетип турбаганы… Кароосуз калышы… эмне дегендик? Кайдыгерликпи, эссиздикпи же катуу айтканда наадандыкпы? Мүмкүн булар катуу сөздүр. Илгери, Атасына карабаган, кадырлабаган балага ушул сөздөр айтылган! Анда,  жанынан өтүп, көз кырын салбаган ушул чөлкөмдүн эл-журту,  аксакалдары, уул-кыздары кайсы жакты карап өтүшөт! Манас райондук мамлекеттик администрациянын айтымында бир ишкер  адамга ошол аянтты арендага берген окшойт. Анда Манас ата эстелиги дагы арендага  өттүбү? (2,3 сүрөт)

Манас атабызды аалам эли тааныса, анын (эпостун) 1000 жылдыгында 36 мамлекеттен өкүлдөр келишип, жогорку баа беришсе, борборубузда Манас аталышта аэропорт, Манас ата эстелиги турса ж. б…

Манас районунда кан жол боюндагы Манас атабыздын эстелиги ушундай абалда турса…Көсөмдөр да, көсөлдөр да эмне дешээр экен?

Манас районунун акиминин экинчи орун басарынын берген маалыматына таянсак, азыркы күндө колго алынып, тегереги оңдолуп жаткандай. Мүмкүн бул үмүт туурадыр. Бирок ушул күнгө чейин эч кандай Манас атаны таануу боюнча, ага жакын орто мектептин окуучулары бир да,  жолу келишпегендиги эмнени түшүндүрөт? Коңшу Тараз шаарынын жашоочулары да, Манас ордого жетпегендери ушул жерге келип, зыяраттарын жасап кетсе туризм багытында!  Арендага берилип кеткен Манас атанын эстелигинин кийинки тагдыры кандай болот?

   

Наралиев Төлөгөн, КР Өкмөтүнүн Талас  облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлчүлүгүнүн аппаратынын башкы адиси жана Манас району боюнча куратору.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 + = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: