Menu

Видео – Жанар Акаев: “Бийлик бизден коркуп жатат. Мен Абылгазиевдин коррупциялык схемасын ачып, миллиард, миллиондорду бюджетке төктүрүп койдум”

Бөлүшүү:

“Бийлик бизден коркуп жатат. Булардын оюнда мен ошол бийликтин партияларына кошулуп алып, бийликти мактап, “ой укмуштуудай президентибиз бар биздин, тарыхта кала тургандай” деп, макташым керек”, – деди депутат Жанар Акаев 28-июлда “Ай” телеканалына интервью берип жатып.

“Бийликтин партиясын мактап, “эл абдан ыраазы болуп жатат, жакшы болуп жатат” деп, бийликке сын айткандар менен урушуп мен, беттен алып: “мына, биз бийликти колдойлу, бийликтин партияларын колдойлу же жанагы акчалуулардын партияларын колдойлу” деп кыйкырып жүрсөм булар мага тиймек эмес. Биз тескерисинче булардын кемчиликтерин көзгө сайып көрсөтүп, өкмөттүн жөндөмсүз экенин көрсөтүп, мына, булардын премьер-министри Абылгазиевдин жыштык сатуудагы коррупциялык схемасын ачып, ошончо миллиард, миллиондогон акчаларды бюджетке төктүрүп койгон үчүн мен буларга жакпай жатам. Анан чекесине чыккан чыйкан болдум”, – дейт Жанар Акаев.

Депутат Жанар Акаев “мен премьер-министр Абылгазиевдин жыштык сатуудагы коррупциялык схемасын ачып, ошончо миллиард, миллиондогон акчаларды бюджетке төктүрүп койдум” дейт го. Качан? Канча миллион сом төгүлдү бюджетке?

Ал коррупциялык схеманын ачылышынын хронологиясы чынында төмөнкүдөй болгон:

2020-жылдын 6-мартында КР Байланыш мамлекеттик агенттиги өзүнүн 115-буйругу менен (директору Наталья Черногубова) Ала ТВ кабелдик телеканалынын 200 МГц диапазонундагы жыштыгын сынаксыз эле “Билайн” (Скай мобайл) компаниясына сатууга уруксат берет.  Айрым маалыматтар боюнча Ала ТВ өз жыштыгын Билайнга $1,8 миллионго сатат.

9-мартта КР Байланыш мамлекеттик агенттигинин директору Наталья Черногубова өзүнүн 123-буйругу менен ал 200 МГц диапазонундагы жыштыкты Билайн компаниясына 4G интернетке пайдаланууга алмаштырып берет.

Бул маалымат дароо укук коргоо органдарына жетет. Маалымат иликтене баштайт.

7-апрелде КР Генпрокуратурасы алгачкы иликтөөлөрдүн натыйжасында КР Кылмыш кодексинин 319-коррупция беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, Аскердик прокуратура, УКМК жана ИИМдин кызматкерлеринен түзүлгөн мекемелер аралык тергөө тобуна өткөрүп берет. Сотко чейинки иликтөө башталат.

12-майда УКМК Байланыш мамлекеттик агенттигинин директору Наталья Черногубованы камакка алат. Ошондой эле бул коррупциялык ишке аралашып калган УКМКнын эки офицери камалат. Өкмөттүн аппарат жетекчиси суракка алынат. Суралгандар КР Премьер-министри Мухаммедкалыйга каршы көрсөтмө бере башташат.

12-майда Тазабек сайты бул тууралу учкай жазып чыгат. Ал эми Телегра жана reddit.com платформалары бул коррупциялык ишке түз эле премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди айыптап жазышат.

Премьер-министр бул иш боюнча президенттин алдында актанып, өзүнүн актыгын далилдөө үчүн убакыт сурап чыгат.

18-майда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөш боюнча комитетинин жыйынында депутат Наталья Никитенко «AlaTV» компаниясынын 200 МГц жыштыгын «Билайн» уюк байланыш операторуна 4G интернетке пайдаланууга кайра каттоо –  бул коррупциялык иштен бюджет 10 млрд. сомдон 30 млрд. сомго чейин чыгым тарткан деген божомолун айткан.

20-майда Жанар Акаев парламентте бул элге кеңири болуп калган маалыматты кайталап, “бул иште премьер-министр Абылгазиевдин аты аталып жатат, маалымат бергиле” таризинде айтып чыккан. Болгону ошол.

28-июлда Жанар Акаев  “мен премьер-министр Абылгазиевдин жыштык сатуудагы коррупциялык схемасын ачып, ошончо миллиард, миллиондогон акчаларды бюджетке төктүрүп койдум” дейт.

Биринчиден, Жанар Акаев “бул кылмышты мен ачып койдум” деп айткыдай иликтөө жүргүзүп, анын жыйынтыктарын жарыялаган эмес.

Экинчиден, бул кылмыш ишин укук коргоо органдары 7-апрелден бери иликтеп жатышкандыгы баарына белгилүү. Мамлекеттин бюджетине болгон зыяндын суммасын али эч ким так эсептеп чыга элек. Ошондуктан депутат Жанар Акаевдин “мен премьер-министр Абылгазиевдин жыштык сатуудагы коррупциялык схемасын ачып, ошончо миллиард, миллиондогон акчаларды бюджетке төктүрүп койдум” дегени карандай калп. Али эч ким эч жакка бир тыйын төлөй элек. Дегеле бул ишке Жанар Акаевдин үстүртөн гана тиешеси бар.

Анан депутат кантип укук коргоо органдарынын иштеринин алгылыктуу жыйынтыктарын уялбай туруп өзүнө ыйгарып алат?

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: