Menu

Өлкөдө бийликти сындаганы үчүн кечирим суроодон баш тарткан жаранга иш ачылды

Бөлүшүү:

Элдияр Жолдошев аттуу жаран өзүнүн «Фейсбук» социалдык баракчасы аркылуу видео кайрылуу таратты. Анда ал андан мурдагы видео блогу боюнча 19-июлда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына чакыртылып, кечирим суроого мажбурланып, бирок андан баш тартканын айткан.

Ал мындан мурдагы видео кайрылуусунда июль айынын башында Бишкекте таажы вирусу күчөп, даярдык көрүлбөгөн абалдын кесепети үчүн өлкө жетекчилигин айыптаган. Элдияр Жолдошев кийин аны милиция ИИМге да чакыртып, дагы бир жолу кечирим суроону талап кылганын кошумчалаган. Бирок ал экинчи ирет кечирим суроодон баш тартканын, себеби мыйзам бузууга барбаганын белгилеген.

Элдияр Жолдошев ошондон кийин кысым күчөп, аны жоопко тартыш үчүн илинчек издеген аракеттер күчөгөнүн билдирди:

«Азыр алар мени кайсы гана жол менен болбосун кечирим суратууга мажбурлаш үчүн мага же менин жакындарыма кандайдыр бир илинчек табуу максатын гана көздөп турушат. Мындан силер эмне табасыңар? Же бул силердин кайсы бир маселеңерди чечеби? Менин артымда эч кандай саясий күч жок. Мен эч качан, эч кимди мыйзамсыз иштерге чакырган жокмун. Ал менин айтып чыгууга толук укугум болгон жөн гана жеке пикирим болчу. Кандай гана ресурстарды колдонбогула, баары бир менден кечирим суроону күтпөй эле койгула. Биз азыр демократиялуу өлкөдө жашап жатабыз. Ар бир адам өзүнүн жеке пикирин коомчулукка айтканга толук акысы бар. Видео камерага тартып туруп басым астында кечирим суратуу аркылуу силер эч нерсеге жетпей турганыңарды түшүнгүңөр келбей турат. Бардыгын коркутуп бүтө албайсыңар».

ИИМдин басма сөз кызматы чынында эле Элдияр Жолдошевдин «Фейсбукта» жайгаштырылган баштапкы видео кайрылуусу боюнча иш Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, анын билдирүүсүндөгү маалыматтар боюнча лингвистикалык экспертиза дайындалганын ырастады.

Мекеменин маалыматы боюнча 1983-жылы туулган Элдияр Жолдошев аттуу жарандын «Фейсбукта» жарыялаган видео кайрылуусунда расалык, аймактык, улуттук жана диний касташууну козутуу боюнча Жазык кодексинин 313-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча материалдар бар деген негизде сотко чейинки иш ачылган.

ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов пандемия убагында кээ бир жарандар жалган жалаа жана бурмаланган маалыматтарды жайылткан учурлар болгонун айтып, мындай аракеттерге укуктук баа берүү милициянын милдети экенин белгиледи:

«Президенттин, мамлекеттин дарегине айтылган же болбосо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик атрибуттарына карата айтылган мыйзамга каршы келген маалыматтар болсо, аларды да биз мыйзам чегинде коргоого тийишпиз. Бул жерде кээ бир адамдардын Интернеттеги пикири үчүн гана алар бул жакка чакыртылып жаткан жери жок. Мисалы, мамлекет жетекчисине же мамлекеттин атрибуттарына карата сындан тышкары ачууга алдырып, ашкере чектен чыгып, акаарат айткан, мамлекеттүүлүктүн бекемдигине шек келтире турган учурларды биз бөлүп карашыбыз керек. Кээ бир учурларда экөө тең аралашып кеткен жагдайлар да болуп калат».

Буга чейин Афтандил Жоробеков жана Элмир Сыдыманов сыяктуу блогерлердин жана айрым жарандык активисттердин Интернетке жарыялаган материалдары үчүн «аймак аралык кастыкты козутуу» деген кине менен айып коюлуп, кылмыш жоопкерчилиги каралган учурлар болгон. Аларга карата да кастыкты козутуу жана конституциялык түзүлүштү кулатууга чакырык таштоо деген негизде кылмыш иштери козголгон. Анда алардын айрымдары тергөө учурунда коомчулуктан кечирим сурап, жоопкерчиликтен кутулса, кээ бирөөлөрүнүн иши сотко чейин жетип, ал жактан кыскарган же болбосо убактылуу токтотулган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: