Menu

Өзгөндүн тургундары таксистти 100 сом үчүн өлтүргөндөрдү жазалоону талап кылышып, митингге чыгышты

Бөлүшүү:

Өзгөндө жергиликтүү тургундардын митинги болуп өттү. Бул тууралу социалдык тармактарда маалымат тарады.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү тургундар таксисттин өлүмүнө күнөөлүү адамдарды мыйзам чегинде жоопко тартуу талабы менен чыгышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча нааразычылык акциясына 100гө жакын адам чогулган.

Эске салсак, Өзгөн районунда таксистти муунтуп өлтүргөн эки өспүрүм кармалган. Жаңжал айдоочуга төлөп берүүгө 100 сом жетпей калгандыгына байланыштуу башталган. Алардын ортосунда алгач кайым айтышуу болуп, андан кийин унаанын аркасында отурган өспүрүм айдоочуну муунтуп өлтүргөн. Кылмыштын изин жашыруу максатында унаанын ичинен бензин таап, денеге куюп, өрттөп, жансыз денени сууга ыргытып жиберишкен. Өспүрүмдөр 16-17 жашта. Алар менен биргеликте дагы кылмышты жашырган деп шектелген үч жашы жете электер дагы бар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: