Menu

Кара-Кулжа районунда күйүп кеткен мектептин ордуна 60 миллион сомдон ашык акчага жаңы мектеп курулуп жатат

Бөлүшүү:

Ушул жылдын 18-февралында Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Коо-Чаты айылында 150 балага ылайыкталган “Сагындык” мектеби өрттөнүп кеткен.

Анын ордуна 225 орунга ылайыкталган эки кабаттуу мектептин курулушу март айында башталган (суммасы 60 миллион 940 миң сом).

Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Алымбек Карыяев мектептин биринчи кабатынын курулушу аяктап калгандыгын белгиледи.

«Каржылоо маселеси чечилгенден кийин, биз курулушту тез арада бүтүрөбүз. Мектепте бардык шарттар бар болот. Карантин биздин курулушка тоскоол болгон жок», – деди Карыяев.

Өрттүн чыгышына “Сагындык” орто мектебинин эски электр зымдары себеп болгон. Отургучтар менен парталардын 50%ы күйүп кеткен.

Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Дамир Калыкбердиевдин айтымында, кечээ, 29-июлда мектептин курулушуна 15 миллион сом которулган.

“Бул мектеп республикалык бюджеттин эсебинен курулуп жатат. Адегенде алар 5 миллион сом бөлүп беришсе, кечээ дагы 15 миллион сом бөлүп беришкен. Калган сумма август айында бөлүнөт. Пайдаланууга берүү ноябрь айында пландаштырылган”, – деди Дамир Калыкбердиев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − 28 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: