Menu

Премьер-министр Кубатбек Боронов мекендештерди Курман айт майрамы менен куттуктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов мекендештерди Курман айт майрамы менен куттуктады.

Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз:

«Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан мусулмандардын эң ыйык майрамдарынын бири болгон Курман айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Ыйык Курман айт майрамын бүткүл жер жүзүнүн мусулмандары аруу сезим, келечекке болгон илгери үмүт менен тосуп алышат.

Курман айт майрамы элдин биримдигин бекемдеп, боорукерлигин, кайрымдуулугун арттырган жана ак ниеттүүлүккө, кечиримдүүлүккө, кең пейилдүүлүккө чакырган майрам. Бул улуу майрамда айтылган тилектер, асыл максаттар кабыл болсун!

Ар бир жаран жоопкерчиликтүү мамилеси менен COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүгө салым кошуусу маанилүү. Кыйын кырдаалды биргелешкен аракеттин негизинде жеңерибизге ишенем.

Ыйык Курман айт күнүндө куттуу өлкөбүзгө тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү, элибизге сабырдуулук, биримдик, бакубатчылык жана ар бир үй-бүлөгө чың ден соолук каалайм!» – деп айтылат куттуктоодо.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − 23 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: