Талас облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевдин кеңешчиси Марс Шералиев мас абалында уна айдап, сүзүп алган велосипедчен адам көз жумду. Бул тууралуу журналисттерге укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26 жаштагы велосипедчен адам кечээ, 31-июлда Таластагы ооруканада алган жаракаттарынан улам көз жумган.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери анын мас экендигин тастыкташты. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Эскерте кетсек, жол кырсыгы 30-июль күнү саат 17:30 чамасында катталган. Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси жол жээгинде кетип бара жаткан велосипедчен адамды сүзгөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ