Кинотеатрлардан көргөзүүгө тыюу салынган “Мекен” кинотасмасы Ютубканалдан 2 күндүн ичинде 485 миң көрүүчүнү топтоду. 45 миң лайк басылып, 11 миң комментарий калтырышты.
“Мекен” аттуу толук метраждуу көркөм тасмасынын продюсери жана башкы каарманы Бектемир Мамаюсуповдун айтымында, тасма 2019-жылы күз айларында тартылган. 2020-жылы январь айларында кинотеатрларга чыгарууну пландаштырган. Бирок, Маданият министрлиги кинотеатрларга чалып, бул тасманы чыгарбагыла деп айтышкан.
Комиссия түзүлүп, 4-5 жолу тасманы текшеришип, айрым жерлерин кескиле деп талаптарын коюшкан. Ал талап аткарылып, бирок кинотеатрларга чыгарылбагандыктан тасма Ютубканалга чыгып олтурат. Жалпысынан “Мекен” тасмасына 100 миң доллар акча каражаты кеткен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ