Menu

Майк Помпео: АКШдагы компаниялар Шинжаңдагы абал жөнүндө биле башташты

Бөлүшүү:

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Кытайдын Шинжаң провинциясындагы адам укуктарынын бузулганын америкалык компаниялар да биле баштаганын айтып, аларды бул аймакта бизнес жүргүзүүнү кайра карап чыгууга чакырды.

Бул тууралуу Майк Помпео 2-августта Fox News телеканалына интервью берген учурда билдирди.

Помпео АКШнын санкциялык тизмесине кирген Шинжаң өнөр жай-курулуш корпусу (XPCC) Батыштагы ишканалар менен тыгыз кызматташта экенин белгиледи. Ал компания пахта өндүрүүгө катышканын айтты:

“Америкадагы компаниялар – айрым бренддер ал жакта болуп жаткан окуялар менен байланышта болууну каалайт деп ойлобойм”– деди ал.

Америкада кийим-кече чыгарган компаниялар пахтанын бир бөлүгүн Кытайдан сатып алат.

Помпео Кытайдын Коммунисттик партиясын Шинжаңдагы уйгурларга, түрк тилдүү мусулман элдерине карата “коркунучтуу иштерди” жасоого айыптады.

Мамлекеттик катчы АКШ программалык камсыздандыруу тармагындагы кытай компанияларына каршы чара көрүүгө ниеттенип жатканын, Кытай менен Ирандын ортосундагы соода келишими Жакынкы Чыгыштагы абалды туруксуздаштырууга жол ачарын да билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: