Бүгүн, 5-августта Биринчи Май райондук соту Кой-Таш айылында 2019-жылдын 7-8-августундагы окуялар боюнча он-лайн соттук териштирүүнү кийинкиге калтырды.
Отурумда Мээрбек Мискенбаевге карата айыптоо актысы окулду.
Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, түшкү тамак башталгандыгын эске алуу менен, сот 14: 00гө чейин тыныгуу жарыялады, бирок депутат Ирина Карамушкинанын адвокаты келбей калгандыктан, процесс 10-августка жылдырылды.
Кылмыш ишинде Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Марат Шаменов, Рысбек Карыпбек уулу жана башкалар суралууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ