Menu

Видео – “Мекенчил” партиясынын мүчөсү Шарабидин Токтосунов “Бүтүн Кыргызстан” партиясына өткөнүн жарыялады

Бөлүшүү:

Мен Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов боломун, 8 жылдан бери мен Садыр Жапаровдун чындыгын талашып, таламын талашып келе жатам. Садыр Жапаров мыйзамсыз абакта олтурат. Аны абактан чыгаруу үчүн биз бардык мыйзамдуу аракеттерди жасадык, бирок чыгара албадык”, – деп билдирди бүгүн, 5-августта адвокат, “Мекенчил” саясый партиясынын мүчөсү Шарабидин Токтосунов.

“Бүгүнкү күндө “Мекенчил” саясый партиясы Садыр Жапаровду абактан чыгаруу үчүн парламентке аттанды. Алардан мен “Садыр Жапаровду кандай жол менен абактан чыгарасыңар?” деп сурасам, алар “сүйлөшүү жолу менен” деп жооп беришти. “Андай болбойт. Биз укуктуу мамлекет болгондон кийин парламентке барып, мыйзам жолунда чыгарууга мүмкүнчүлүгүбүз бар” деп айттым. Ошондуктан мен “Мекенчил” саясый партиясынан өз ордумду таба албагандан кийин бүгүн “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынын лидери Адахан Кимсанбаевич Мадумаров менен жана партиянын мүчөлөрү менен сүйлөшүп, алардын убадасын алдым. Алар парламенткае өтүп калсак,Садыр Жапаровду абактан чыгаруу боюнча менин бардык демилгелеримди жана мыйзамдарымды колдоп бере турганын жана мени менен чоогу аракет жасаша турганын айтышты. Мына ошолорго ишенип, мен “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынын атынан шайлоого аттандым. Мен “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынын депутаттыкка талапкерлеринин тизмесинин 1-ден 15-катарга чейинкилеринин арасында болорумду убадалаштык”, – деп жыйынтыктады Шарабидин Токтосунов.

https://www.facebook.com/mirbek.munarbekuulu/videos/3124107947703581

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: