“Республика” партиясынын бир нече мүчөсү саясий кеңештен жана саясий уюмдун курамынан чыгарылганы белгилүү болду. Маалыматты журналисттерге партиянын катчылыгы тастыктады. Анын айтымында, Табалды Тиллаев, Бактыбек Раимкулов жана Тариэл Жоробеков “Республика” партиясынан чыгарылды.
“Республика” партиясынын лидери Мирлан Жээнчороевдин айтымында, алтынчы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары Жыргалбек Турускулов жана Марлен Маматалиев дагы партиянын саясий кеңешинен чыгарылды.
Саясий бирикменин катчылыгы ошондой эле парламенттик шайлоого толук даярдык көрүлүп жаткандыгын маалымдады. Учурда партия Кыргызстандын бардык аймактарында коомдук кабылдамаларды ачууда. Айрым саясий бирикмелер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат жана партиянын катарларын жаңыртуу боюнча иштер жүрүп жатат.
Алдын ала маалыматка ылайык, Жыргалбек Турускулов, Марлен Маматалиев, Табалды Тиллаев, Бактыбек Раимкулов жана Тариэл Жоробеков алдыдагы шайлоодо “Мекеним Кыргызстан” партиясынан шайлоого катышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ