“Темир Сариев интервью берип жатып, айтып жатат: “Биз качанга чейин эле алданып жүрө беребиз?” деп. Менин дароо эле күлкүм келди да: “Бул Темир байкемди ким алдап жатты болду экен?” – деп билдирди куудул Борончу Кудайбергенов журналисттерге интервью берип жатып.
“Кайсы бийлик болбосун, кайсы шайлоо болбосун, жакшынакай, сулуу, симпатичный болуп келип, министр да болду, премьер-министр да болду, финансы министри да болду, кечээги Убактылуу өкмөттүн дагы бирден-бир мамлекетти өзгөртө турган мүчөсү да болду. Тиги Азимбек Бекназаров агайым экөөбүз телефондо сүйлөшкөндө “баягы биздин көргөндү эл укпасын, эмнени гана кылбадык” дегендей болуп айткан сөздөрүн эстеп күлдүм. Ал эми Өмүрбек Текебаев “Марал” радиосуна барып алып, Атамбаевге кандай жардам берип, кимди коркутуп, кимди акчага сатып алып, кимди шантаж кылып болсо да бийликке ушундай кылабыз деп өздөрүнүн арам жолдорунун баарын айтып берип жаткан адам болсо… Жанар Акаевди биз жаштар үмүт кылып, ушул жигит алдыга чыкса, таза эле, ушул бир нерсени өзгөртөт эле деп анын күйөрмандары аябай көбөйүп жатса, ал барып туруп, кайра ушул мамлекетти ушундай туңгуюкка алып келген Өмүрбек Текебаевге барып кошулуп алып жатса – анда кандай болуп калат? Бир акылы кем жаш баланын мындай кылыгы бир айылга зыян болот, ал эми акыл-эси жайында адам өзүнүн пайдасы үчүн иштетсе анда бүтүндөй мамлекетке зыян экенин Өмүрбек Текебаев көрсөтүп койду да”, – деди Борончу Кудайбергенов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ