Menu

Өзбекстанда коронавируска байланыштуу жабылган бала бакчалар ачылууга даярдык көрүп жатышат

Бөлүшүү:

Өзбекстанда коронавирус пандемиясына байланыштуу жабылган бала бакчалар ачылууга даярдык көрүп жатышат. Бул тууралуу өлкөнүн Мектепке чейинки билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ишин жандантуунун максаты – балдарды кадыресе, көнүмүш жашоого, оюндарга, окууга кайтаруу. Балдар үчүн да, тарбиячылар үчүн да коопсуз шарт түзүлүп, кошумча сактык чаралары киргизилет», — деп жазылган басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.

Өзбекстанда коронавирус пандемиясынан улам 16-марттан тартып өлкөдөгү бардык билим берүү мекемелери карантинге жабылган.

Июнь айынын ортосунан тартып эпидемиологиялык абал жакшыраак деген аймактарда жеке менчик бала бакчалардын ишине уруксат берилген. Анда августтан тартып бардык бала бакчалар ачылары айтылган.

Өзбекстанда коронавирус 27 миңден ашык адамдан табылып, 165 бейтап көз жумду. Ушул айда бийлик карантин эрежелерин кайталап күчөткөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 + = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: