29-августта Бишкекте коронавирус жана пневмониядан каза болгондорго карата кеңири масштабдагы акция өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Муниципалитет шаар тургундарын 21.30да үйлөрүндөгү чырактарды өчүрүп, терезелерди ачып, шам жагууга үндөйт.
“Урматтуу шаардыктар! 29-августта Бишкек шаарынын мэриясы COVID-19 жана пневмониядан каза болгондордун жаркын элесине арналган “Эскерүү шамы” акциясына чакырабыз. Саат 21:30 да үйлөрүбүздөгү жарыктарды өчүрүп, терезелерди ачып, шамдарды күйгүзүп, каза болгондорду эскерели”, – деп жазылат билдирүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ