Menu

Бүгүн колледждерге кабыл алуунун II туру башталды

Бөлүшүү:

7-августта орто кесиптик билим берүү системасынын окуу жайларына кабыл алуунун экинчи туру башталды. Бул тууралу КР Билим берүү жана илим  министрлигинин  басма сөз кызматы билдирет.

Быйылкы жылы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алуу онлайн жүргүзүлүүдө. Абитуриенттер КР БИМ тарабынан атайын иштелип чыккан https://spuz.edu.gov.kg/ системада катталышат.

Катталуу үчүн колледжди, адистикти тандап, өтүнмө берүү зарыл. Андан кийин керектүү талаачаларды толтуруп, сканерден өткөрүлгөн күбөлүктү же аттестатты жана сүрөттү тиркеп, “Каттоо” баскычын басуу керек.

Онлайн кабыл алуунун биринчи туру 13-июлдан 30-июлга чейин өткөрүлдү. 1-турдун жыйынтыгы боюнча 22 070 өтүнмө катталды.

Документтердин түп нускаларын студенттер окождорго окуу жылдын башында бериши керек.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: