Menu

Кыргыз мушкери Муслим Евлоев Ингушетияда өлтүрүлдү

Бөлүшүү:

Ингушетияда эркин күрөш боюнча Азиянын чемпиону Муслим Евлоев антитеррордук операция учурунда өлтүрүлдү. Бул тууралуу “Интерфакс” кабарлады.

“Алдын-ала маалыматтар боюнча, операцияда жок кылынган адам республиканын 25 жаштагы тургуну Муслим Евлоев”, – деп билдирет агенттик өз булагына шилтеме берип.

Гезиттин маалыматы боюнча, коопсуздук күчтөрүнө жер астындагы кылмыштуу топтун мүчөсү үйлөрдүн биринде жашынып жаткан болушу мүмкүн деген ыкчам маалымат түшкөн.

“Назрандагы темир жол станциясынын жанындагы үйдү текшерүү учурунда атышуу болгон. Ал оор жаракаттарды алган “, – деп айтылат басылмада.

Муслим Евлоев күрөш боюнча Кыргыз улуттук курама командасында 2015-жылдан бери ойнойт. Бул убакыт аралыгында ал Бакудагы Ислам тилектештигинин оюндарында жана “Яшор Догу” эл аралык турниринде жеңишке жетишип, 2017-жылы Индияда өткөн Азия чемпионатында коло, ал эми 2018-жылы Бишкекте өткөн Азия чемпиондугунда алтын медаль уткан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: