Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстанда административдик-территориалдык реформа жүргүзүлөт

Бөлүшүү:

«Административдик-территориалдык реформа боюнча өтө көп айтылып келген. Буюрса, болот. Буга биз даярбыз», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-августта, Коомдук телерадиокорпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде.

Мамлекет башчысы белгилегендей, бул реформа (АТР) ар кандай себептер менен жүргүзүлбөй келген.

«Парламенттик шайлоо өткөн соң, бул реформага киришебиз. Ошондо бир топ бири-бирин кайталаган мамлекеттик органдар жоюлуп, өзгөрүүлөр жана кыскартуулар болот. Мамлекеттик системанын ыкчам иштешине, бюрократияны азайтып, маселени тез чечкенге өбөлгө түзүлөт», — деди Президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы административдик-территориалдык реформаны жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

«Пандемия шартында баарыбыз көрдүк. Жеке сектор да, ишкер чөйрө да, мамлекеттик органдар да өз ишин өзгөртсө болот жана өзгөртүшү керек экендиги айкын болду», — деп жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 + = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: