Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: Коопсуздук кеңеши саламаттыкты сактоо тармагындагы кырдаалды оңдоо боюнча чараларды кабыл алат

Бөлүшүү:

«Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши саламаттыкты сактоо тармагындагы кырдаалды оңдоо боюнча чараларды кабыл алат», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти  Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-августта, Коомдук телерадиокорпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде.

Мамлекет башчысы белгилегендей, пандемия көптөгөн көйгөйлөрдү анын ичинде саламаттыкты сактоо тармагында маселелерди  ачыктады.

«Өзгөчө саламаттык сактоо тармагы жылдап талкаланып келгендигин баарыбыз билебиз. Ар кыл реформалардын негизинде ФАПтарды жоюп, алар жок кылынып, кээ бир ооруканалар жабылып, койко-орундары кыскартылып, мына ошолорду кайра ордуна келтирүү боюнча иштерди алпарып жатабыз. Жылдап талкаланган нерсени калыбына келтирүү үчүн жылдар керек экен. Бул оңой иш эмес. Ошондуктан мен баш болуп, аткаруу бийлиги, жергиликтүү бийлик тынбай иштеп жатабыз», — деп баса белгиледи Президент.

Ал кечээ жакында эле Ысык-Көлгө барып, Чолпон-Ата шаарында медиктер менен жолугушуусунда тармактагы адистердин токтобой жатканын жана айлык акынын төмөндүгү боюнча көйгөйлүү маселелерди көтөрүшкөнүн айтып берди.

«Ошол жерде Жекшенбек Кыргызбаев деген ардагер дарыгер бар экен. Ошол жердеги көп маселени айтты, врачтар да айтышты. Ушул илдет болбосо врачтарды мамлекет эстемек эмес, ушул илдет болгону үчүн бардык көйгөйлөр чыгып, врачтарга көңүл буруп атасыңар деп. Бул ачуу чындык, муну моюнга алыш керек. Чынында 5000-7000 сом алган врачтарга сүйлөш деле оңой эмес, кыйын экен. Бул көп жылдан бери топтолуп келген маселе. Биздин максатыбыз — айлыкты көтөрүү, медициналык кызматты жакшыртуу», — деп баса белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы белгилегендей, бир жарым жылдан бери Коопсуздук кеңешинин күн тартибинде саламаттыкты сактоо тармагын карап, реформалоо боюнча маселе алынып чыгып даярдалган, март айында карамак. Илдет башталгандан тартып токтоп калган.

Президент баса белгилегендей, Коопсуздук кеңешинин алдында дагы бир кошумча жумушчу топ түзүлүп, кырдаал турукташкандан кийин Коопсуздук кеңеши бул маселеге кайра кайрылат.

«Коопсуздук кеңешинин жыйынында саламаттыкты сактоо системасы боюнча маселе сөзсүз каралат жана аталган тармактагы кырдаалды оңдоо боюнча чаралар кабыл алынат», — деп сөзүн жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: