Menu

Бишкекте өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаев кармалды

Бөлүшүү:

9-августта Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевди кармады.

10-августта Биринчи май райондук сотунда Абдуллаевдин кармалышынын мыйзамдуулугу каралат. Бул маалыматты анын адвокаты Тимур Карабаев “Азаттыкка” бышыктады.

“Бүгүн анын кармалышынын мыйзамдуулугу жана балким бөгөт чарасы да каралат” – деди адвокат.

“Интернетте «Усман Хакназаров» деген ат менен таанымал Абдуллаев “Өзбекстандагы конституциялык түзүмдү өзгөртүүгө чакырган макалаларды жарыялаган” деген шек менен 2017-жылы 27-сентябрда Ташкентте атайын кызмат тарабынан кармалган. 2018-жылы май айындаТашкент шаардык соту аны шарттуу түрдө бир жарым жылга кесип, сот залынан бошоткон.

Айрым маалыматтар боюнча Абдуллаев кийинчерээк башка кылмыш иши боюнча да айыпталып, Өзбекстанда ага издөө жарыяланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 + = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: