Menu

«Кылым шамы»: Ала качууга туш болгон кыз психологдун жардамына муктаж

Бөлүшүү:

Кыргызстанда 7-августта кыз ала качуу фактысы байкалды. «Кылым шамы» укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова билдиргендей, кызды Бишкектен Ысык-Көлдүн Түп районуна ала качып барышкан.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы, Түп жана Караколдун милиция кызматкерлери ала качууга кабылган кызды бекитип жаткан жерден таап, баш калаага алып келишти.

Маалыматка караганда, кызды ала качкан жигит андан 16 жаш улуу, мурда үч жолу үйлөнгөн жана балдары бар экени белгилүү болду. Ал эми жабырлануучу аны менен мурда жолугуп сүйлөшкөн эмес.

Азыр ала качууга катышы бар төрт адам милицияда сурак берип жатат. Абдирасулова шектүүлөрдүн туугандары Бишкекте милиция имаратынын алдына чогулуп, жабыркаган тарапты тосмо арыз жаздырууга аракеттенип жатканын, кечирим сурап кыздын үйүнө да барып алышканын кошумчалады. Укук коргоочу ала качууга кабылган кыз психологдун жардамына муктаж экенин айтты.

Шектүү тарап окуя тууралуу комментарий бере элек.

Кыргызстанда 2013-жылкы мыйзамга ылайык, кыз ала качкан адам 5-7 жылга эркинен ажыратылат. Укук коргоочулар бул маселе дагы эле көйгөйлүү экенин белгилешүүдө. Жаңы түзүлгөн үй-бүлөлөрдүн 20% ала качуунун негизинде куралган өлкөдө анын курмандыгы болгон кыздардын милицияга кайрылышы өтө сейрек кездешет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 + = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: