Menu

Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалы маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалы маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 11-июнунда кабыл алынган.

Аталган Мыйзамдын максаты мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстандагы укуктук абалына, анда болуусуна, эмгектик укуктарына, мамлекеттик чек арадан өтүүсүнө, билим алуусуна жана дарылануусуна өзгөчө укуктарды, артыкчылыктарды берүү болуп саналат.

Кабыл алынган Мыйзам менен төмөндөгүлөр каралган:

— «Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусу» деген түшүнүк киргизилүүдө, б. а. мурда Кыргыз Республикасынын граждандыгында турган чет өлкөлүк граждандар чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусун алууга укуктуу.

— Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусу төмөнкү адамдарга ыйгарылышы мүмкүн:

1.— алардын алгач Кыргыз Республикасынын граждандыгына таандык болгондугуна карабастан, мурда Кыргыз Республикасынын граждандыгында турган чет өлкөлүк граждандын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк граждандарга;

2.— алардын алгач Кыргыз Республикасынын граждандыгына таандык болгондугуна карабастан, Кыргыз Республикасынын граждандарынын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк граждандарга;

3.— Кыргыз ССРинде туулган чет өлкөлүк граждандарга, ошондой эле алардын балдарына жана неберелерине;

— Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусу Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин граждандарына ыйгарылышы мүмкүн эмес;

— «Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жаңы III бөлүм менен толукталып жатат. Анда чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин укуктары, статусун ыйгаруунун тартиби, статусун алуудан баш тартуу үчүн негиздер, статусун токтотуу жана андан ажыратуу маселелер каралган;

— Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусун ыйгаруунун, узартуунун, токтотуунун жана андан ажыратуунун тартиби, тиешелүү документтин үлгүсү жана аны берүү тартиби Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү тарабынан аныкталат;

— Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештер визасын жол-жоболоштурбастан Кыргыз Республикасынын аймагына кирип, чыгып турууга, транзит менен өтүүгө, ары-бери жүрүүгө жана анда турууга укуктуу;

— Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар берүүчү эмгек визасын жол-жоболоштурбастан же жумушка уруксат албастан, Кыргыз Республикасынын граждандары үчүн белгиленген негиздерде жана тартипте ишканаларда, мекеме-уюмдарда иштөөгө же башка эмгектин түрү менен алектенүүгө укуктуу;

— Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган, саламаттык сактоо жана билим берүү чөйрөлөрүндөгү акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн Кыргыз Республикасынын граждандары менен теңдеш, бирдей шарттарына укуктуу;

— Эгерде чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун алган чет өлкөлүк жаран айыл чарба жерлеринин мураскери болуп саналса, ал жер участогуна карата укугу пайда болгон учурдан тартып он жылдын ичинде аны Кыргыз Республикасынын жаранына ажыратып берүүгө милдеттүү.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: