Бишкекте борбор калаанын жашоочусуна кол салууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкектеги милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 8-августта милицияга Рыскулов жана Заводская көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адам жарандарды бычак менен кууп жаткандыгы жөнүндө билдирүү келип түшкөн. Жарандардын бири жаракат алды.
“Жабырлануучу тез жардам менен ооруканага жеткирилген. Милиция кызматкерлери шектүү катары 28 жаштагы М.Б. кармап, аны Ленин райондук ички иштер башкармалыгына алып кетишкен ”, – деп билдиришти департаменттен.
Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин “Ден соолукка оор залал келтирүү” беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ