Ош облусунун Кара-Суу районунда жол кырсыгынын кесепетинен 10 жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.
Маалыматка ылайык, 9-августта саат 11:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 651-чакырымында, тагыраак айтканда, Отуз-Адыр айыл аймагынын Ынтымак айылында Кара-Суу районунун тургуну 1999-жылы туулган Ж.у.Э 10 жашар кызды сүзүп кетти. Айдоочу Өзгөн шаарын көздөй бара жатып, рулду башкара албай, жолдон өтүп бара жаткан 2010-жылы туулган Б.М. койгон.
Натыйжада ал Ош облустук ооруканасында көз жумган.
Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ