Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Беларусь Президенти Александр Лукашенкону өлкө Президенти кызматына кайрадан шайланганы менен куттуктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенкону өлкө Президенти кызматына кайрадан шайланганы менен куттуктады.

«Сиздин бай тажрыйбаңыз жана кесипкөйлүгүңүз элдин бакубатчылыгын жогорулатууга мындан ары да өбөлгө болуп, өлкөнүн саясий жана экономикалык өнүгүүсүнүн жогорку деңгээлин камсыз кыларына ишенем.

Эзелки достук салттарга, өз ара сый-урматка жана кызматташтыкка негизделген кыргыз-беларусь мамилелери мындан ары да биздин мамлекеттердин элдеринин бакубаттыгы үчүн өнүгүп, бекемделе берерине тилектешмин», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Александр Лукашенкого бекем ден соолук жана бакубатчылык, ал эми Беларусь Республикасынын достук мамиледеги элине — тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 + = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: