Бүгүн, 11-августка карата өлкөдө бир суткада коронавирус инфекциясынан жана пневмониядан 4 адам көз жумду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
Бишкек шаары – 3
Баткен облусу – 1
Муну менен өлкөдө каза болгондордун жалпы саны 1478.
Бүгүн Республикада коронавирус жана пневмония илдетин жуктуруп алгандардын жалпы саны 40 миңден ашты. Ал эми, коронавирус жана пневмониядан айыгып, ооруканадан чыккандардын саны бир суткада 535 адамды түздү. Оорудан айыккандардын жалпы саны 32 миң 764 адамга жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ