Menu

Видео – Александр Лукашенко Минск облусундагы Данияр Усенов (Данил Урицкий) жетектеген корпорацияга келип “Укмуш! Космос!” деп баа берди

Бөлүшүү:

Кечээ, 10-августта Беларустун президенти Александр Лукашенко Минск облусундагы Данияр Усенов (Данил Урицкий) жетектеген корпорацияга келип: “Укмуш! Космос!” деп мактады. Бул тууралу БелТА маалымат агенттиги билдирди.

Беларус улуттук биотехнологиялык корпорациянын (БУБК) курулушу 2018-жылы июлда башталган. Документтер боюнча Данил Урицкийге (Данияр Усенов) катталган. Бирок корпорациянын 20% үлүшүнө куруп жаткан кытайлык СITIC International Investments компаниясы ээлик кылат, долбоорун жасаган COFCO Corporation компаниясы 9% үлүшкө ээ. Андан сырткары Араб эмираттарынан жана Шотландиянын компаниялары да катышат. Корпорациядагы эң көп үлүшкө ээ Шотландиялык компаниянын ээси Асылбек Салиев – экс-президент Курманбек Салиевич Бакиевдин инилеринен болот.

Азыркы учурда Беларус улуттук биотехнологиялык корпорациясы (БУБК) Минск облусунда 160 гектар жерге 733 миллион долларга заводдор комплексин куруп бүтүп бара жатат. Ал заводдордо аминокислота, комбикорм жана башка айыл чарба кошумчалары чыгарылат.

Кытайдын Эксимбанкы бул долбоор үчүн 628 млн доллар жеңилдетилген насыя берген.

Беларус улуттук биотехнологиялык корпорациясы Беларуста өндүрүлгөн 250 миң тонна буудайды кайра иштетип чыгып, продукцияларын дүйнөгө экспорттойт.

Видео БелТА

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 + = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: