Menu

Ош шаарынын кире беришиндеги бардык санитардык-карантиндик посттор алынып салынды

Бөлүшүү:

Үстүбүздөгү жылдын 8-августунан баштап Ош шаарынын кире беришиндеги бардык санитардык-карантиндик посттор алынып салынды. Мындай чечим Ош шаардык жарандык коргонуу башкы башкармалыгынын отурумунда кабыл алынды.

Эске салсак, Ош шаарынын чек араларында жети санитардык-карантиндик пост орнотулган (“Жапалак ДЭУ”, “Тээке-Аскер полигону”, “8-март”, “ТЭЦ”, “Беш-Көпүрө”, “Кырарык-Арка”, “Амир -Тимур “).

Бирок, эпидемиологиялык кырдаал татаал бойдон калаарын эсиңиздерге салабыз, оорунун бир аз төмөндөшүнө карабастан, бардык санитардык-гигиеналык ченемдерди жана эрежелерди так сактоо керек.

Акыркы сутка ичинде Ош шаарында коронавирустун жана пневмониянын 24 учуру катталды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: