Menu

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен шайлоого катышуу үчүн кызматын убактылуу токтотту

Бөлүшүү:

Бүгүн, 11-августта Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов КР Тышкы иштер министрлигине арыз жазып, өзүнүн элчилик ыйгарым укугун октябрь айынын аягына, БШК 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын чыгарганга чейин токтото турганын билдирди. Мыйзам буга жол берет. Бул тууралу Kyrgyztoday.kg маалымат агенттигине өздүк булактар билдирди.

Бизге жеткен маалыматтар боюнча элчи Ибрагим Жунусов “Мекеним Кыргызстан” саясый партиясынын тизмеси менен шайлоого катышат.

2010-жылдагы парламенттик шайлоодо мурунку “”Ак жол” партиясынын солдаты” жаңы “Ата-Журт” партиясы менен шайлоого катышып, 210 миң шайлоочусу бар Кара-Суу районунан 32 миң добуш жыйнап бергенден бери Жунусовго жуучу түшкөн партиялар көп болуп келет.

Азыр да элчи Ибрагим Жунусовго “Республика”, “Ата-Мекен”, “Мекенчил” жана “Мекеним Кыргызстан” саясый партияларынан сунуштар түшүп, элчи “Мекеним Кыргызстан” партиясын тандаган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: